05/21/2026 | Press release | Distributed by Public on 05/21/2026 07:12
2026-жылдын 21-22-май күндөрү Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель мырзанын Кыргыз Республикасына расмий сапары өтүүдө
2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев менен Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель мырзанын эки тараптуу жолугушуусу менен сапардын программасы ачылды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө борбордук банктардын башчылары потенциалды өнүктүрүү, анын ичинде алтын-валюта резервдерин башкаруу жаатында өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн тастыкташты.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Швейцариянын Улуттук банкынын ортосундагы кызматташтык узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ экендигин жана эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосундагы өз ара жигердүү иш алып барууну улантууга кызыкдар экендигин белгилешти.