National Bank of the Kyrgyz Republic

01/30/2026 | Press release | Distributed by Public on 01/30/2026 06:24

2026-жылдын 26-январынан тартып 30-январына чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн финансылык программалоо жана макроэкономикалык[...]

Артка жылдыруу
Түзүлгөн күнү: 2026-01-30

2026-жылдын 26-январынан тартып 30-январына чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн финансылык программалоо жана макроэкономикалык талдоо боюнча семинар болуп өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия региондору үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн регионалдык борбору (мындан ары-Регионалдык борбор) уюштурду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин жана Улуттук банктын адистери катышты.

Семинардын жүрүшүндөкатышуучулар өлкөнүн макулдашылган экономикалык саясатын иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан колдонулган макроэкономикалык талдоонун негизги ыкмасы катары финансылык программалоо инструменттерин өздөштүрүштү.

Иш-чара ведомстволор аралык деңгээлде макроэкономикалык актуалдуу маселелерди тереңталкуулоо үчүн аянтча болду.

Семинардын алкагында өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндөгүакыркы жетишкендиктер боюнча панелдик талкуу да болуп өттү, ага Улуттук банктын төрагасынын орун басары А. Козубеков, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Н. Акжолов, Регионалдык борбордун директору Х. Флёркемайер жана ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Ф. Талышлы катышты.

National Bank of the Kyrgyz Republic published this content on January 30, 2026, and is solely responsible for the information contained herein. Distributed via Public Technologies (PUBT), unedited and unaltered, on January 30, 2026 at 12:24 UTC. If you believe the information included in the content is inaccurate or outdated and requires editing or removal, please contact us at [email protected]