09/29/2025 | Press release | Distributed by Public on 09/29/2025 06:25
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 2025-жылдын
28-29-сентябрында Түркияда, Стамбул шаарында өткөн
Ислам кызматташуу уюмунун «OIC-COMCEC Central Banks Forum» Экономика жана соода жагында кызматташуу боюнча туруктуу комитетинин форумунун алкагында борбордук банктардын 7-отурумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Ислам кызматташуу уюмунун («OIC-COMCEC Central Banks Forum») Экономика жана соода жагында кызматташуу боюнча туруктуу комитетинин форумунун алкагында уюштурулган борбордук банктардын отурумунда түрк тараптын чакыруусу боюнча катышып, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана чек ара аркылуу өтүүчүтөлөмдөрдү өнүктүрүүтемасында баяндама жасады.
М. Тургунбаев өз сөзүндөтөлөм чечимдеринин архитектурасына карата бирдиктүүыкманы киргизүүжаатындагы Кыргыз Республикасынын ийгиликтүүтажрыйбасы менен бөлүштү. Бул система менен колдонуучулар кайсы болбосун банктык мобилдик тиркемеден банктар аралык жана системалар аралык төлөмдөрдүоңой жүргүзүп, QR-кодаркылуу акчаларын тез которо алышат.
Улуттук банктын төрагасы билдиргендей, бүгүнкүкүндөКыргыз Республикасы улуттук стандарттагы QR-коддор аркылуу ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыздоо боюнча Борбордук Азиядагы жалгыз өлкөболуп саналат.
Баяндамада борбордук банктын санарип валютасына арналган атайын тема орун алды. Санарип сомду колдонууга киргизүү- төлөм системасын өнүктүрүүжана финансылык жеткиликтүүлүк тармагындагы улуттук маселелерди гана чечүүгөбагытталбастан, Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы глобалдуу финансылык экосистемага толук кандуу катышуусу үчүн өбөлгөлөрдүкалыптандыруу зарылдыгы менен шартталгандыгы баса белгиленди. Мында борбордук банктар чек ара аркылуу өтүүчүтөлөмдөрдүмодернизациялоодо негизги ролду ойнойт.
Форумдун алкагында М. Тургунбаев менен Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндөэки тараптуу кызматташуу, улуттук төлөм системаларын интеграциялоо келечеги, анын ичинде QR-код менен чек ара аркылуу өтүүчүтөлөмдөрдүжүргүзүүжана акча которуу маселелери талкууланды.